Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек - 20;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу - 6;
Ысык-Көл облусу- 3;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу - 9.
Республикалык штабдан маалымдашкандай, соңку суткада стационардан 7, үй карантининен 16 ак халатчан чыгарылды.
Өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония менен медицина тармагынын 5 миң 732 кызматкери жабыркап, алардын ичинен 5 миң 55и сакайды.