Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму башка өлкөлөрдө коронавирустун келип чыгыш булактарын издөө үчүн атайын өкүлдөрүн жөнөтүшү керек. Мындай пикирин бүгүн, 8-июлда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицян билдирген.
"Бир аз алдыга көз чаптырсак. Коронавирус инфекциясынын келип чыгышын изилдөө үчүн атайын өкүлдөрдү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жана аймактарына жөнөтүү зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн", - деген Лицян.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус аталган уюм коронавирустун келип чыгышын аныктоо үчүн Кытайга өкүлдөрүн жиберерин айткан.
Расмий версия боюнча, дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясынын таралышы өткөн жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухан шаарында башталган.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 11 миллион 839 миң 95 адамдан аныкталып, 544 миң 415 адам каза болсо, 6 миллион 459 миң 177 бейтап айыгып чыкты.