Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган агасынан көз жарган кыз мектепти жакшы окуган окуучу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери айтып берди.
"Кызды учурда таежеси карап жатат. Ооруканадан чыккан. Төрөлгөн наристе уул экен, кыз андан баш тартты. Ымыркай райондогу төрөт үйүндө. Кыздын апасы бүгүн же эртең Орусиядан келип калат. Биздин маалыматтар боюнча кыз мектепти жакшы окуучу экен. Ал эгиздин түгөйү.
Кыз менен сүйлөшүү жүргүзүүдө ал боюнда бар экенин билбегендигин айтууда. Кыздын ичи 19-июль күнү түндө ооруп баштаган. Эртеси аны атасы сокур ичегиси ооруп жатат деп ооруканага алып келген. Медициналык текшерүүдө кыздын кош бойлуу экени аныкталып, көп убакыт өтпөй төрөп койгон.
Ал эми бул иш кандайча болгонун кыз "агам досторуна кетип, үйгө ичип келди. Анан менин бөлмөмө келип ушул ишти кылып койду" деп айтып берди. Эртеси агасы андан кечирим сураган жана жабырлануучунун айтымында агасы андан кийин тийген эмес.
Учурда кызды көзөмөлдөө милдети анын таежесине жүктөлдү. Апасы келгенден кийин алардын жашоо шарттары карап көрүлүп, балким энесине берилет. Биздин башкармалык дагы бул ишти көзөмөлдөп турат", - деди кызматкерлер.
Жалал-Абад ОИИБи бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталган. 20 жаштагы шектүү эки айга камакка алынган.