Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 811 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 154 адам каза болсо, 8 миң 444 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 645;
Свердлов облусунда - 254;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 196;
Нижегород облусунда - 194 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 800 миң 849 адамдан коронавирус аныкталды. 13 миң 46 адам каза болсо, 588 миң 774 бейтап айыгып чыкты.