Президент Орусиядан Кыргыз мамлекетине келген медициналык топтун жетекчиси Евгений Кустов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда Орусиядан Кыргыз мамлекетине келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Орусиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматтын Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная катышты.

Орусиянын медкызматкерлер тобу өлкөгө 23-июлда Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүүсүнүн алкагында келишкен.

Президент Сооронбай Жээнбеков орусиялык адистерге өлкөдөгү татаал мезгилде көмөк көрсөтүү максатында келгендери үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Орусия Кыргыз өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөшү, шериктеши катары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам берип жаткандыгын белгиледи.

Илдет менен күрөшүүдө бараандуу колдоосу, анын ичинде медициналык жабдуулар жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардамы, ошондой эле өлкөнүн медициналык мекемелерине иш жүзүндө жардам көрсөтүү жана коронавирус инфекциясы менен ооругандардан тышкары пневмонияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн дарыгерлердин жоон тобун жибергени үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге ыраазычылыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков орусиялык медиктердин келиши өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда кыргыз медиктерине сезилерлик колдоо болооруна бекем ишенерин билдирди.

Николай Удовиченко эки мамлекет башчысынын келишимине ылайык, Орусия тарап Кыргыз мамлекетине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүсүн улантып жатканын белгиледи. Буга чейин өлкөгө орусиялык аскердик медиктердин тобу келишкен.

Николай Удовиченко келген адистердин баары илдетти дарылоодо чоң тажрыйбага ээ экенин баса белгилеп, алардын аркасынан Кыргыз өлкөсүнө жалпы наркы 150 миллион рублдик дары-дармектер менен медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Башкортостандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен чогуу биргелешип аракет көрүүнүн тийиштүү планы иштелип чыккандыгын маалымдады.

Ал эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргыз өлкөсүндөгү илдетти жеңсе боло тургандыгына ишеним артарын билдирди.

Наталья Пшеничная коронавирус дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде саламаттыкты сактоо системи өнүккөн өлкөлөр үчүн да олуттуу сыноо болуп жаткандыгын белгиледи.

Ал баса белгилегендей, орусиялык адистер тарабынан Кыргыз мамлекетинин медкызматкерлерине методикалык, практикалык жардам берилип, ошондой эле медицина мекемелерине консультативдик колдоо көрсөтүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө орусиялык адистердин тобу Кыргыз өлкөсүнүн облустарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөндүгү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан