"Ток этерин айтканда - бул мыйзам керек". Өлкө башчынын маалыматты манипуляциялоо мыйзамы жөнүндө пикири

Бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берди. Анда ага "Азыр жарандык коом, медиа чөйрө сиздин «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата позицияңызды күтүүдө. Президенттин кароосуна келип түштү деп эки апта мурун аппаратыңыз билдирген. Ушул убакыт ичинде мыйзам менен таанышып, бир бүтүмгө келдиңизби?" деген суроо берилди.

"Бул мыйзам долбоорун парламент ичинде, анын сыртында, социалдык тармактарда кандай талкуу болгонуна, албетте, байкоо салдым, көз салдым. Жактагандар бар, каршы чыккандар бар. Менин жалпы позициям — биздин мамлекетте жалган маалыматка каршы мыйзам сөзсүз болушу керек. Эң биринчи кезекте, азыр баарыбыз айтып жаткан адам укугун, адамдын ден соолугун коргоо үчүн биз адамды жалган жалаадан, фейк деп айтып жатпайбызбы, мына ошол фейк маалыматтан сакташыбыз керек. Дүйнөлүк практика да ошону көрсөтүүдө. Айрым өнүккөн мамлекеттер да фейк маалыматка каршы күрөшүүдө. Мыйзамдарды кабыл алышууда. Бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө да көтөрүлүп жатат. Бизде да ошондой болушу керек.

Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем. Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк. Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды. Бул мыйзам канчалык терең талкуудан өттү, ал канчалык бышып жетилген мыйзам болду, бул башка маселе. Бирок түпкүрүндө мен ушул мыйзамды демилгелеп чыккандардын жана ал мыйзамды колдоп жаткандардын негизги философиясын — жалган маалыматка каршы күрөш керек экендигин колдойм. Мага бир топ кайрылуулар келип түштү. Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюумду өтүнгөн, мыйзамга вето коюмду өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөлөрү менен тааныштым. Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок аны дагы бышырыш керек. Ошондуктан конституциялык укугума таянып, бул мыйзамды кайра кайтарам. Бирок бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм. Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес, фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек.

Мурда да айткам, азыр да айтам, биздин коом ачык. Ким болбосун социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар. Менин президенттик тажрыйбамда мындай мисалдар абдан көп. Андай кайрылуулар аркылуу айрым жарандарга жардам берилди, айрымдар кызматына кайтып келди же тескерисинче бирөөлөрдүн арызынын негизинде кызматынан алынды. Бирок ал маалыматтарды фейктер эмес, өз жүзүн жашырбай эле биздин жарандар айтып жатты, азыр да айтууда. Мындан эч коркунуч жок. Эгерде, кимдир-бирөөнүн адамдык абийирине шек келтирбесе, тескери чакырыктар болбосо, ал тескерисинче мамлекеттик органдарга, мага жардам. Эмне үчүн дегенде, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди айтып, чагылдырып турса, мен деле бул жерде баарын биле бербейм да, ошондуктан мен да билип, ишимди жылдырганга, элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин алып келгенге чоң жардам. Мен буга кызыкдармын. Маселени ачык айтып, жүзүн жашырбай, туура жеткиргенди колдойм. Бирок биздин жарандарыбыздын укугун тебелеген, ден соолугуна зыян келтирген, адамдык абийирине шек келтирген жалган маалыматтарга каршы мыйзам болуусу керек. Бул биздин Кыргыз өлкөсү сыяктуу адам укугун сыйлаган мамлекетте кадимкидей көрүнүш болуусу керек", - деген өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан