Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 10 миң 143кө жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Өзбекстанда 6-июлга карата коронавирус инфекциясын 123 адам жуктуруп алган, жалпы 10 миң 143кө жетти", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери 6 миң 584 адам коронавирустан айыгып, 34 адам каза болгон. Учурда 3 миң 524 адам ооруканада дарыланууда.