Бүгүн, 19-июнь саат 10:00гө карата өлкө боюнча эпидемиологиялык абал менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тааныштырды.
Анда акыркы суткада өлкөдө дагы 132 адамдан коронавирус аныкталса, 28 бейтап айыгып, стационарлардан чыгарылды. Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.