Бир сутка ичинде коронавирустан 38 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат брифингинде билдирди.
Айтымында, кайталап алынган анализдердин жыйынтыгы таза чыккандар үйлөрүнө жиберилген.
Муну менен өлкөдө 1 219 адам коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.