Дүйнө жүзүндө COVID-19дан жалпы 10 миллиондон ашуун адам сакайды

Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпы 10 миллион 42 миң 362 адам илдеттен сакайган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, дүйнөдө сакайгандардын саны боюнча Бразилия (1 миллион 812 миң 913) алдыңкы орунда турат. Андан кийинкиде АКШ (1 миллион 297 миң 863) болсо, Индия (917 миң 568) үчүнчүдө, төртүнчүдө Орусия (599 миң 172) жайгашкан.

Бүгүн, 27-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 16 миллион 196 миң 314 адам жуктуруп алды. Анын ичинен, тилекке каршы 647 миң 846 адам кайтыш болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан