Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аргасыз үйдө отургандарына 1 ай 9 күн болду. Бүгүнкү күндө карантиндик чаралар айрым тармакта иштегендер үчүн жеңилдетилгени менен калктын басымдуу бөлүгү дагы деле изоляцияда болууга мажбур. Мындан улам үй шартында туура жашоо образын жүргүзүү, тагыраагы ден соолукка кам көрүү жөнүндө орусиялык адистер өз кеңештерин берип келет.
Диетолог Александр Кириленко:
"Көп убакыт чектелген мейкиндикте күн өткөрүү зыяндуу адаттардын жаралышына алып келет. Коронавирустан сактанам деп башка ооруларды өрчүтүп алуудан алыс болуш керек. Мисалга, ашыкча тамак ичүү, аз кыймылдоо жана спирт ичимдиктерине берилүү. Стресс менен депрессияны басуу үчүн көп тамактануу өнөкөт оорулардын курчушуна алып келет. Мындай жашоо образы адамды толуп кетүүгө, кант диабетине, жүрөк ооруларына чалдыктырат. Жөнөкөй тил менен айтканда, шекер менен таттуу - бул эрте картаюуга тез алып келген жол".
Орусиялык дарыгер иммунолог Анатолий Устющев:
"Изоляция шартында адамдар адатка айланткан дагы бир зыяндуу көрүнүш бул - аз кыймылдоо. Айрыкча аралыктан иштегендер компьютерде көп отурушат эмеспи. Демек мындай шартта иштегендердин ооруп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Андыктан иш убактысы бүткөндө сөзсүз түрдө физикалык көнүгүүлөрдү жасоо керек. Жаш куракка карабастан, аптасына жок дегенде беш жолу көнүгүүлөрдүн комплексин аткаруу ден соолукка пайда гана алып келет. Эгер аларды жасабаса компьютерде көп отурган адамдын башкаларга салыштырмалуу, инфаркт, инсульт жана онкологиялык ооруларга дуушар болушу көбүрөөк ыктымал".