Коронавирус инфекциясы тастыкталган же оорунун кандайдыр бир белгилери байкалган аялдар бала эмизе берсе болобу? Бул суроо менен SUPER.KG порталы профессор Арсен Аскеровго байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды:
"Коронавирус инфекциясы менен катуу ооруп жаткан төрөткө чейин же төрөттөн кийинки айымдарда чындыгында ооруну балага жуктуруу коркунучу бар. Алардын бет кап тагынуусуна дагы мүмкүнчүлүгү болбойт жана ар дайым кычкылтек алып турушу керек болот. Ал эми оору жеңил жана белгилери аз болуп, дене табы көп деле көтөрүлбөгөн учурларда аял өзү активдүү болсо, бет капты тагынуу мүмкүнчүлүгү менен баланы эмизе берсе болот.
Эгерде ооруга шектүү болсо, башкача айтканда оору толук тастыкталбаса ооруну аныктаганга аракет кылышы керек. Жалгыз эле лабораториялык эмес клиникалык симптомдору абдан окшош болсо, анда коркпостон эле коронавирус бар сыяктуу барышы керек. Мурункудай ооруну тастыктоону күтүүнүн кажети жок. Эгер коронавирустун 3-4 белгиси көрүнүп турса, анда ошол эле жетиштүү болот", - деди Аскеров.