Саламаттыкты сактоо министрлигине 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору тапшырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигине 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы наркы 10 миллион сомго барабар гуманитардык жардам Кыргыз өлкөсүндөгү банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм тарабынан көрсөтүлдү.

"Медициналык жабдыктарды министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кабыл алды. Ал учурда керек болуп жаткан медициналык жабдыктар “Семетей” обсервациясына жана башка медицина уюмдарга таратып берилерин билдирди. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүндөгү банктардын бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Банктар бирикмесине мүчө уюмдар буга чейин дагы жардам көрсөтүп келишкенин жана мындан ары дагы колдоо көрсөтө берерин айтты", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан