"Коронавирус Казакстанга чабуул жасоодо". Ооругандардын саны 759 адамга жетти

Бүгүн, 9-апрелге карата Казакстанда дагы 32 адамдан вирус аныкталганы маалым болду. Бул тууралуу Казакстандын мамлекеттик комиссиясынын ыкчам штабына таянып, казак басылмалары жазып чыгышты.

Жалпысынан коңшу мамлекетте 759 жаран коронавирус менен жабыркап жатат.

"Вирусту жуктуруп алганы жаңы аныкталган жарандардын көбү обсервацияларда жаткандардан. 32 адамдын ичинен 6 жаран Кызыл-Ордо облусунун тургундары. Алардын бири дарыгерлерге сасык тумоо болуп калганын айтып кайрылган. Бирок андан алынган анализ COVID-19 деген диагнозду көрсөткөн", - деп жазышат жергиликтүү маалымат булактары.

Казакстанда коронавирус илдетинен 7 адам каза тапты. Ал эми айыккандардын саны 54 адам.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KalenAlmaz
2020-04-09 11:49:19
Бул апаат юндун ортосунда жоголот.
0
AksyKum
2020-04-09 12:33:19
KalenAlmaz,Артастан Алай айттыбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан