Сауд Арабиясында падышалык үй-бүлөнүн 150 мүчөсү коронавирус жуктуруп алганы айтылууда. Бул тууралуу "The New York Times" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, улуу ханзада Эр-Рияддын башчысы болгон Фейсал ибн Бандар Аль Сауд жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми Салман хан өзүнүн коопсуздугу үчүн баласы Мухаммед ибн Салман менен Кызыл деңиздин жээгиндеги ак сарайына кеткен.
Расмий маалыматтарга таянсак, азыркы тапта Сауд Арабиясында 3 миң 200 адам коронавирус жуктуруп алган.