Курман айт намазы окулбаса курмандыкты чалуу кайсы убакыттан башталат? Муфтият түшүндүрмө берди

Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт намазы окулбай калган учурда курмандык качан чалынарын түшүндүрдү. Муфтият бул тууралуу төмөндөгүдөй маалыматты жарыялады.

"Адатта курман айтта, амалдардын эң биринчиси, күн найза бою көтөрүлгөндөн кийин айт намазын окуу жана элге кайрылып диний насааттарын айтуу курмандык чалуунун жол жобосун үйрөтүү, андан соң курмандык чалуу менен башталат. Алланын элчиси “Бул күндүн эң биринчи амалы айт намазын окуу, андан соң курмандык чалуу” деген.

Эгерде кимдир бирөө айт намазы окулганга чейин курмандыгын чалып койгон болсо, ал курмандыкка өтпөй калат. Бирок бул күндөрү жугуштуу COVID-19 тумоосунун тарап кетүү коркунучу жоюла элек болгондуктан, коопсуздук үчүн Курман айт намазы окулбайт деген чечим кабыл алынды. Мындай учурда курмандык союу важиб болгон мусулман бир туугандарыбыз курмандыгын кантип чалат? Китептерде "Эгерде шаарда өзгөчө кырдаал же абал болуп, айт намазын окуп берүүгө бир дагы жоопкер адам жок болсо, адамдар таң аткандан кийин курмандык чалышса уруксат болот" деп айтылат. Мына ушул тандалып алынган сөз. Анткени шаар мындай учурда курмандык чалуу убактысы боюнча талаа жана айыл-кыштак өкүмүнө айланат.

“Эгерде аба ырайы суук, суу ташкыны жана калың кар сыяктуу табигат кырсыктары айт намазынын окулуусуна тоскоолдук жаратса, анда күн чыгып найза бою көтөрүлгөндөн соң, айт намазы хутбасы менен кошо окулуп бүткүдөй убакыт өткөндөн кийин курмандык чалына берет” - “Аль-Муфассал фил фикхил ханафий”, Мухаммад Мажид Итр.

Эгер шаарда бир фитна (аскердик абал, табигый кырсыктар-пандемия жана башка) пайда болсо, султан (жетекчилик) тарабынан адамдарга айт намазын окуп берүүчү жооптуу имам болбосо, анда ал шаар курмандык чалууда айт намазы окулбаган айыл-кыштактын өкүмүндө болуп калат да, таң жүргөндөн баштап курмандыктарын чалса болот. Ошентсе да мындай абалда айт күнү түш оогондон кийин курмандыгын чалуу жакшыраак", - деп жазылат Муфтияттын түшүндүрмөсүндө.

Ошондой эле эртеңден тартып курмандык союуга уруксат экендиги айтылат.

"Мына ушул фатва китептеринде айтылган маселелерге таянып, жогорудагы китептерде айтылган абалдар биздин учурдагы эпидемиялык абалыбызга окшоштугу болгондуктан өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30дан кийин курмандыкты союуга уруксат берилет.

Курмандыкты чалуу убактысы 2020-жылы 31-июль, 1-август жана 2-август күнү дигер намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн даталардын каалаган мезгилинде чалса болот",
- дешет Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан