"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 650 миңден ашты

Бүгүн, 28-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 16 миллион 396 миң 954 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 9 миллион 512 миң 561 бейтап айыгып чыкса, 651 миң 902 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 286 миң 663 адамдан коронавирус аныкталды.148 миң 9 адам каза болсо, 1 миллион 325 миң 804 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 442 миң 375 адамдан аныкталды. 87 миң 618 адам каза болсо, 1 миллион 838 миң 431 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 435 миң 453 адам вируска кабылган. 32 миң 771 бейтап көз жумса, 917 миң 568 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан