UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов коронавирустан улам АКШдан кайтып келип, Тони Фергюсонго каршы беттеш үчүн үйүндө машыгууда. Бул тууралуу мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"АКШдагы акыркы бир жарым ай машыгуудан кийин Хабиб жана анын командасы 22-мартта өлкөгө келди. Хабиб азыр жакшы формада. Биз UFC 249 турнири каякта өтөт деп күтүп жатабыз. Хабиб азыр үйдө жана үйдөн эч жакка чыкпайт. Өзүбүздүн үйүбүздө 1992-жылы салынган машыгуучу залыбыз бар. Ал ошол жактан беттешке даярданат", - деп билдирген Абдулманап Нурмагомедов.
Маалыматка ылайык, UFC 249 турниринин алкагында Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган "Барклайс-Центр" спорттук аренасында өткөрүү пландалган. Бул шаарга өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин, UFC уюмунан беттешти өткөрүүгө ыңгайлуу жай издеп жатканын билдиришкен.