Бүгүн, 5-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев маалымат жыйын берүүдө. Ага "Бул жылы туристтерге кандай эреже, талаптар коюлду?" деген суроо берилди.
Осмоналиев облустагы туристтерди тейлей турган жайлардын жетекчилеринин баары менен чогулуш өткөргөнүн айтты.
"Бардык пансионаттардын, эс алуу жайларынын жетекчилери менен чогулуш өткөрдүм. Анда ар биз туристтерди кабыл алчу жайларда иштегендерди санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери окута турган болду. Алар санитардык эрежелерди атайын адистерден үйрөнүшөт. Эң көп туристтерди кабыл алуу 20-июнда башталат. Азыр кымыз ичип, тоого чыккан туристтер келүүдө. Бирок биз алдыдагы сезонго кызуу даярдык көрүүдөбүз.
Туристтер үчүн эрежелерди айтсам:
1. Турист келгенде каттоодон өтөт, дене табын өлчөтөт;
2. Бир үй-бүлөнүн мүчөсү болбосо, ар бир бөлмөгө бирден гана киши жатат;
3. Тамактанууда ашканада бир столдо бирден гана адамдар отурат, эгерде бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болсо, чогуу отурууга болот. Столдордун, отургучтардын ортосунда аралыктар сакталышы керек;
4. Пляжда да эрежелер сакталышы керек, ошол эле аралык. Чечинип, кийинген жайларды администрация улам-улам дезинфекциялап турушу зарыл;
5. Беш күндөн көпкө келген турист болсо, бөлмөсүн 5 күн сайын толук дезинфекция кылуу кажет.
"Дагы көп эрежелер иштелет. Муну туристтер да, кабыл алган тараптар да олуттуу кабыл алып сакташы керек", - деди облус башчысы.