Орусиялык жазуучу үйүнөн чыкпай коронавирусту жеңгенин айтып чыкты

Орусиялык жазуучу Борис Акунин жубайы менен коронавирус жуктуруп алган. Ал үйдө отуруп вирус менен кантип күрөшүп, сакайып кеткенин социалдык баракчасына жазып чыкты.

Жазуучунун айтымында, жубайы вирустун жеңил түрү, өзү оор түрү менен ооруган. "Жубайымдын дене табы бир күндөй көтөрүлүп, андан соң эки күн башы ооруп, даам сезүүсү жоголгон. Меники болсо көпкө созулган сасык тумоодой болду. Сасык тумоодон айырмасы, жакшы болгонуң байкалбайт. Дене табым 39 градуска чейин көтөрүлүп жатты, парацетамол менен түшүрөм, эртеси кайра чыгат, дары ичем, кайра чыгат... Ошентип 10 күн бою түшпөй койду. Ал убакта мен үйдө жатып, аудиокитептерди угуп жаттым. Коронавируска кабылгандарда дем алуу кыйындаганда "Тез жардам" кызматы келерин билчүмүн. Мен вирусту жуктурган алгачкы адамдардан болгондуктан, бизге башында эч кандай дарылоо жазылган эмес. 11-күн дегенде тажрыйбалуу дарыгер келип, антибиотиктерди жазып берди. Акырындап жакшы болуп калдым", - деп жазган Акунин.

Ошондой эле ал коронавирустан да анын айланасындагы психоз ойлонтуп жатканын билдирген. "Сураныч, интернетте толтура чыгып жаткан негативдүү маалыматтарды, вирус жабыркаткан өпкөнүн сүрөтү, жалгыздыкта өлгөндөр тууралуу бөлүшпөңүздөр. Жашоодо нерви жука адамдар бар экендигин деле ойлоңуздар. Баарыбыз уюшулуп, эпидемияга каршы туралы", - деген жазуучу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-03-28 18:13:47
Карантинде интернетти да өчүрүп койсо абдан жакшы болмок.
-1
akmanai
2020-03-28 18:50:45
Интернетти очурсо даана сары оору болот го элдер. Интернеттин бары деле жакшы. Интернет жок болсо телевидениеде айрым маалыматтар бурмаланып калышы мумкун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан