Курсан Асановго карата бөгөт коюу чарасы 2 айга узартылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 28-июлда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын жан сакчысы Дамир Пайзилда уулу, журналист Турсунбек Бейшенбековдун баш коргоо чарасы каралды. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык, иштин соттук териштирүү мөөнөтү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасы эки айга чейин узартылды.

"Андан сырткары сот тарабынан жабырлануучу Жеңиш Разаков суракка алынды. Аталган жазык ишине бөлүнгөн убакыт аяктагандыгына байланыштуу, соттук териштирүү 4-август күнүнө саат 14:30га жылдырылды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Курсан Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.

Курсан Асановдон тышкары Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Курсан Асановдун жан сакчысы Дамир Пайзилда уулу жана журналист Турсунбек Бейшенбеков дагы айыпталуучу катары өтүүдө. Айыпталуучулар учурда үй камагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан