4-сентябрь күнү шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Саясий партиялар шайлоо күнүнө 45 күн калгандан кеч эмес, өздөрүнүн съездин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитиш керек. Бул 20-августка чейин. 5 күндүн ичинде протоколдорду каттап, талапкерлер тиешелүү документтерин, макулдуктарын алып келип, шайлоо күнүнө 40 күн калгандан кеч эмес саясий партиялар БШКга документтерин алып келип бериш керек. Программаны каттоо болгондон кийин алып келип берет. Каттоо болгондон кийин БШК саясий партиялардын программаларын 5 күндөн кечиктирбей расмий сайттарга жайгаштырышы шарт", - деди Бекматов.
Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрь күнүнө белгиленген.