Бишкек шаардык комендатурасы өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жаткан милиция кызматкерлери, аскерлер, медициналык жана социалдык кызматкерлерге арнап видео чыгарды. Анда кызматкерлердин күн-түн дебей коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюу үчүн өз кызматтарын аткарып жүргөнүн көрүүгө болот.