Коронавируска каршы күрөшүүдө кыргыз ыктыярчылары дүйнөлүк басылманын көңүлүн бурду

Америкалык дүйнө жүзүнө белгилүү "The New York Times" басылмасы Кыргыз өлкөсүндөгү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ыктыярчылардын опол тоодой болгон эмгеги тууралуу жазды. Мындай жарыяны басылма 28-июлда жарыялаган.

"Мурунку Советтер Союзунан чыккан эң жакыр мамлекеттердин бири болгон Кыргыз өлкөсү коронавирустан катуу жабыр тартты. Бул абал начар каржыланган саламаттыкты сактоо системинин кыйрашына алып келди. Бирок 6 жарым миллион калкы бар бул өлкөдө коронавирус кризисинен чыгууга ыктыярчылар жардамга келди", - деп жазган басылма.

Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева Фейсбуктагы баракчасына дарыгерлер менен медайымдарга жардам берүүгө ыктыярдуу адамдарды чакырды. "Мен ыктыярчы болууга даярмын. Медицина кызматкерлерине жардам бериңиз, алардын тапшырмаларын аткарыңыз, тамак-аш алып бериңиз. Жок дегенде кандайдыр бир жол менен алардын жүгүн жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүңүз”, - деп жазган ал.

Андан бери 600гө жакын адам "Сообща" ыктыярчылар тобуна кошулгандыгы жазылган.

"Пандемия бардыгын бириктирди, адамдар четте калбай, бири-бирине жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатышат", - деген топтун координатору Медер Мырзаев.

Мындан тышкары "The New York Times" басылмасы түнкүсүн ыктыярчылар "Тез жардам" унааларынын ордуна адамдарды ооруканаларга өздөрүнүн унаасы менен алып барып жатышкандыгын жазган.

Буга чейин дагы Кыргыз өлкөсүнүн ыктыярчылары тууралуу Орусиянын "Мир" телеканалы атайын сюжет даярдаса, коңшу Казакстандын жарандары "Кыргыздар чындыгында улуу, тайманбас, ынтымактуу калк экенин моюнга алыш керек" деген билдирүүлөрдү жазышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
interpol
2020-07-30 08:41:26
Бизде жашоо жакшы эле болгону чиновниктердин тойбогонун айынан уурулардын жеп тойбой атканынын айынан бизди өтө жакыр өлкө катары санап келишет. Ушул тойбогон уурулар бүтүндөй улуу элдин беделин түшүрүп атышат. Каргыш силерге өлкөну урдаган уурулар. Уурдаган акчаңар жалаң жамандыка жумшалсын бала чакаңардын жакшылыгын көрбөгүлө.
+44
nurka_85
2020-07-30 09:37:45
Дайыма бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, чогуу жамандыкты жеңип, жакшылыктарда көрүшөлү, урматтуу айкөл элим!!! Мына ушинтип жакшы жагыбыздан гана таанылып, дүйнөнү дүңгүрөтөлү! Бул ар бир кыргызстандыктын колунан келет! Оору- сыркоодон алыс бололу, баарыбызга ден соолук, чоңдорубузга ыйман берсин!!!
+29
vikidiki
2020-07-30 10:31:47
Африкадагы бир жакыр мамлекеттердей эле элестетишет окшойт бизди. Элибиз бай эле ,бийлик алсыз бизде.
+27
Oratorkg
2020-07-30 20:52:07
vikidiki,Бийлик алсыз эмес алар жемкорлор өлүмүш шүмшүктөр.Аларды сүйлөтүп эле койсо.Уялбастан биз эл катары жупуну эле жашайбыз деп элдин ырыскысын жеп жатышат!
+6
Alixan-Nookat.2015
2020-07-30 11:48:55
Эң жакыр мамлекеттердин бири болгон Кыргыз өлкөсү деген сөз кулака жаман угулат экен. Кудай буюрса бизди өнүккөн Кыргыз өлкөсү деп айтышат келечекте.
+23
Jelezo
2020-07-30 11:53:47
Alixan-Nookat.2015, Азамат жакшы тилек жарым ырыс, ынтымак бар жерде ырыс бар.
+15
AdylbekB84
2020-07-30 13:11:20
Орто азиядагы мамлекеттердин арасынан эли бай жашаган биз, мамлекетибиз кедей оа аны мойнубузга алабыз бирок алар ойлогондой жакыр эмеспиз! Кошуна мамлекеттерге караганда жашообуз жакшы, той маарекелерди азайтса, чоңдорубуз бюджетке колун салбаса мынданда өнүгөбүз иншаАллах!
+14
talaa11
2020-07-30 13:22:00
Ушул заманды КУДАЙЫМ кут кылсын биз эн жакшы жашоодо жашап жатабыз АЛЛАГА шугур дейли
+10
Baktyluumun98
2020-07-30 15:31:10
Аллага шугур. Жашообуз жакшы, эн сонун.
+8
algakaray
2020-07-30 17:24:14
Ошо жакыр деп жазган эме биздин бир эле ресторанда 400 кишилик той откозуп, дасторкондогу тамакты стол которо албай турганын корсо анан айткан ойунан кайра кайтмак да.
+10
portugalia
2020-07-30 17:47:44
Кыргызымдан айланышса болот.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан