46 жаштагы англиялык Дейв Митчелл Таиландга аялы менен барган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Англияга кайта албай калышкан. Бул абал аны ачуулантып, аялы экөө жаңжалдаша кетишкенин жазышат чет элдик маалымат булактары.
Ага ылайык, ал стресс абалында аялы менен урушуп, өзүн башкара албай калган. Андан кийин аялын үйдүн балконунан түртүп жиберген. Коңшу жашагандар дароо полиция кызматкерлерин чакырышып, "Тез жардам" кызматы аялды көптөгөн жаракаттары менен ооруканага алып кеткен. Митчелл болсо ал учурда өзүн таптакыр башкача алып жүргөн, териштирүүнү баштоо үчүн полиция кызматкерлери анын өзүнө келишин күтүп турушкан.
Ал өз көрсөтмөсүндө үйүнө кете албай калганына, турист болуп барган жеринде обочолонуп жатканына ашыкча ачууланып алганын айткан.