Орусия президенти Владимир Путин UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго атасы Абдулманап Нурмагомедовдун дарылануусу мыкты деңгээлде жүргүзүлөрүн убада кылды. Бул тууралуу мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз орусиялык басылмаларга билдирген.
"Хабибдин атасы жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылгандыгын тастыктайм. Хабиб Владимир Путин менен байланышты. Өз кезегинде президент Абдулманап Нурмагомедовдун тийиштүү жана мыкты деңгээлде дарылана тургандыгын убада кылды", - деген мушкердин менеджери.
Кечээ, 19-майда Хабиб Нурмагомедов атасынын абалы өтө оор болуп жаткандыгын социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу видео кайрылууда айткан.