Бүгүн, 27-майда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын берип жатат. Анда өкүл облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу маалыматтар менен бөлүшүүдө.
Маалыматка ылайык, бүгүн вирус аныкталган 17 адамдын 15и Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө жаткан аялдар болгон.
"Нарын облусунда коронавирус дартына каршы иштер кызуу уланууда. Жаңы катталган учурлар мурунку ооруган адамдар менен байланышта болгон адамдардын арасынан чыгып жатат.
27-майга карата облустун аймагында тилекке каршы дагы 17 адамдан вирус табылган. Жалпы коронавирус илдетин жугузгандар 297 кишиге жетти. Бүгүн вирус табылгандардын арасынан 1 киши Нарын районунан, 1 киши Ак-Талаа районунан жана 15 адам Нарын шаарында төрөт бөлүмүндө жаткан аялдар экени аныкталды", - деди Алымкулов