Калыс Кубанычбек уулу Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясын аяктаган, учурда анестезиология-реанимация бөлүмүндө ординатурада окуйт. Ошол эле учурда коронавирус инфекциясына кабылгандарды ооруканага жеткирип, "Тез жардам" кызматында эмгектенип келет.
- Калыс, саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз...
- Менин атым Калыс, 24 жаштамын. 2012-жылы Бишкектеги медициналык академияга 1-курска тапшыргам. 2018-жылы 6-курсту бүткөм. Учурда анестезиология-реанимация бөлүмүндө ординатурада окуп жатам. Бишкекте "Тез жардам" кызматына дарыгерлер, жалпы эле медицина кызматкерлери жетишпейт. Айрым студенттер алгач фельдшер катары иштеп, 1 жылдан кийин дарыгер катары кабыл алынышат. Мен ординатурага которулганда 3-подстанцияда (ири станциянын бир бөлүгү) иштеп баштагам. Учурда "Тез жардам" кызматында дарыгер катары эмгектенем.
- Март айынан бери Кыргыз өлкөсү коронавирус илдети менен алышып келет. Силер кайсы жакта иштеп жаттыңар?
- Биз көбүнчө "Достук" мейманканасындагы обсервацияда жаткандардан коронавирус аныкталганда ооруканага жеткирип жаттык. Эпидемиологдор шектүүлөрдөн анализ алып, текшеришет эмеспи. Айрым учурда алардан да коронавирус аныкталып, аларды жеткирип жүрдүк.
- Бишкекте кайсы учурда коронавирус көп катталып, чакыруулар көп болду?
- Бишкекте азыр деле коронавирус жогорку чекте турат. Биздин подстанцияга күнүнө бирден-экиден чакыруу түшөт. Бизден башка Бишкекте 4 подстанция, бир борбордук станция бар. Баары чакыруу болсо чыга беришет.
- Силер оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болот экенсиңер. Вирус жугузуп албоо үчүн кандай чараларды көрөсүңөр?
- Бизде коргонуучу кийимдерди кийгенде коркунуч азаят. Бирок бул вирус абдан жугуштуу экен. Андыктан кийимди туура кийип, чечүү эрежесин кылдат сактоо керек. Чакырууга чыгып баратканда, кесиптештер бири-бирибизге дыкаттык менен текшерип, анан аттанабыз. Оорулууну Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып баргандан кийин кийимдерди чечип, утилизацияга калтырабыз. Ал эми унааны толук дезинфекция кылып беришет. Подстанцияга келгенде дагы бир сыйра дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.
Биз менен иштегендердин айрымдары кокус ооруп калсак, үйдөгүлөргө жугузуп албайлы деп өзүнчө батирге чыгышкан. Менин да таякем жакында жүрөгүнөн операция болуп, ооруканада жатат, ага барып көрө албайм. Телефон менен гана сүйлөшүп, абалын сурап жатам. Үйгө келип кокустан жөтөлүп калсам деле чогуу жашагандар "сен негедир шектүү болуп жатасың" деп чочулап калышат.
- 2 айдан ашык коронавирус менен бет келишип иштеп жатасыз. Вируска кандай мүнөздөмө бермексиз?
- Оорунун баштапкы белгилеринин кадимки ОРВИден айырмасы жок. Андыктан карап туруп, коронавируспу же башкабы ачык айта албайсың. Жаман жери, коронавирус инфекциясы 2-3 саатта тамактан бууп, аба жетишсиздигин жаратат. Пневмонияга окшош. Бул жагы да коркунучтуу. Анткени пневмония деп терапия бөлүмүнө алып барсаң, коронавирус болуп калса, ал жактын баарына жуктурат.
- Жалпы элде кабатырлануу барбы же вируска ишенбегендер басымдуулук кылабы?
- Биз канча адамга бардык, баарынан эле чочулоо байкалат. Мисалы, инсульт болуп жаткан адамга барсаң деле биринчи "коронавирус эмесминби?" деп сурайт. Ичи өткөнүнө барсаң деле ошол көрүнүш.
Айрымдар "чын эле ооругандарды көрдүңөрбү, вирус барбы?" деп суроо беришет. Кээ бирлер мен оорубасам деле ооруканага алып келди деп жатышпайбы. Аларга вируска каршы дарыларды беришпесе, белгиси жок жүрүп, өпкөнүн жарымы иштебей калышы мүмкүн. Ошондуктан белгиси жок болсо да ооруканага жаткырылып, дарыланып жатышат.
- Министрлик очокто иштеген кызматкерлерге март айынын кошумча айлыгы толугу менен которулганы айтылды. Бул жактан маселе жокпу?
- Кесиптештер чакырууга чыкканына карап, саатына 98 сомдон төлөдү деп айтып жатышат. Эсепке канча сом түштү, азырынча карай элекмин.
- Кооптуу жумушта иштеп жатканыңыз үчүн жакындарыңыз да кабатыр болуп жатса керек?..
- Ооба, өлкөдө алгач коронавирус аныкталганда министрликтен бригада чогултуп башташкан. Биз ошондо эле аймактарга чыгуу үчүн тизмеге жазылып койгонбуз. Бул кабарды үйдөгүлөргө айтсам, барбай эле койбойсуңбу деп көпкө мени оюмдан кайтарууга аракет кылышты. Элге кызмат кылуу менин милдетим деп билем. Андыктан ошол чечимде калдым. Азыр кезекти күтүп жатабыз. Менин билишимче, аймактарга биздин бардык мугалимдер, жугуштуу оорулар кафедрасынын адистери кетишкен.
- Маегиңизге рахмат! Коронавирус илдетинен эртерээк кутулалы!