Министрлик тарабынан сасык тумоого каршы 11 миң даана вакцина сатып алууга келишим түзүлдү

Өлкөдө курч респиратордук оорулардын алдын алууну күчөтүү үчүн жана алардын экинчи толкунунун болушун эске алуу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сасык тумоого каршы 11 миң даанадан ашык вакцинаны сатып алууга келишим түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Вакциналар өлкө боюнча тобокелчилик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар, балдар жана башка оорулары бар адамдарды вакцинациялоо үчүн ар бир регионго бөлүштүрүлүп берилет", - деп билдирди Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева.

Анын айтымында, аба ырайынын салкындашы менен республикада курч респиратордук вирустук оорулар көбөйөт. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Ал эми тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтөт. Илдеттин туу чокусу катары белгиленген мөөнөт – декабрь айынын башынан февралдын аягына чейин уланат.

Ошондой эле сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системдерди жана реактивдерди сатып алуу пландаштырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан