Бүгүн, 3-январга карата өлкөдө 41 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 39
Ош шаары – 2
Башка аймактарда коронавирус илдети аныкталган жок.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 184 миң 827 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.