Бүгүн, 6-июль саат 10:00гө карата коронавирус инфекциясы боюнча статистикалык маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн жыйын берүүдө.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2 миң 62 орун даярдалып, анын ичинде 62 жатак бөлмөсү интенсивдүү терапия үчүн дайындалган.
Ал эми “Ганси” обсерваторунда орточо оор абалдагы бейтаптарды жаткыруу үчүн 600 орун даярдалып бүгүн, 6-июлда 112 суюк кычкылтек жеткирүү аппараттары орнотулганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.