Германиянын элчилиги Кыргыз өлкөсүнө 30 даана кычкылтек жабдыгын жана башка каражаттарды берди

Өлкөдө COVID-19 менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн Германия колдоо көрсөттү. Тагыраагы, аталган мамлекеттин Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги медициналык жабдыктарды берди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18-ноябрда министрдин орун басары Бакыт Жангазиев Германия элчилигинен 30 даана аба-кычкылтек аралаштыргычтарын, медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды кабыл алды.

"Германия өлкөсү тарабынан каржыланган эл аралык эксперттер тобунун Кыргыз Республикасына келери күтүлүүдө. Адистер Кыргыз мамлекетиндеги лабораторияларда COVID-19 илдетин аныктоого жана медицина кызматкерлеринин илдетти жуктуруп албоосу боюнча кеп-кеңештерди берет", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан