Бүгүн, 20-декабрга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 19 адамдан илдет аныкталса, калгандары башка аймактардан:
Ош шаары – 1;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 1.
Республика боюнча коронавирус илдети аныкталгандардын жалпы саны 184 миң 218ди түздү.