Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында, Баткен облусунун аймагында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус боюнча коронавирус илдетин алдын алуу үчүн төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга убактылуу тыюу салынат, үйдө окуу сунушталат;
- той, тажыя, түлөө жана никеге туруу мааракелерин өткөрүүгө;
- облустун аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторан, ашкана жана дүкөндөрдүн ээлери санитардык эрежелерди сактабаса, мекеме жабылат;
- коомдук транспорттун айдоочулары, жүргүнчүлөр санитардык норманы сактабаса, тиешелүү чаралар көрүлөт жана бир тараптуу каттамдан четтетилет;
- аймактарда кафе, ресторан, ашкана коомдук тамактануучу жайлар күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөсү белгиленет;
- соода түйүндөрү, дүкөндөр күн сайын саат 07:00дөн 19:00гө чейин гана иштөөсү белгиленет;
- бардык базарлар саат 09:00дөн 17:00гө чейин гана иштөөсү керек;
- балдар оюн аянтчалары жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрүнө тыюу салынат;
- тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Кабыл алынган нормаларга ылайык, карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат;
- балдар оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчаларына иштөөгө тыюу салынат.
2-июлга карата Баткен облусунда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын жалпы саны 108ге жетти.