Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияга алынды. Ал 28-июндан тартып иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө. Учурда төраганын ден соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө дешти Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан.
"Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында COVID-19 илдети менен жабыркагандар аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.