Бүгүн, 29-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 24 миллион 646 миң 610 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 16 миллион 119 миң 822 бейтап айыгып чыкса, 835 миң 730 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 913 миң 564 адамдан коронавирус аныкталды. 181 миң 767 адам каза болсо, 2 миллион 118 миң 367 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 804 миң 803 адамдан аныкталды. 119 миң 504 адам каза болсо, 3 миллион 158 миң 783 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 387 миң 500 адам вируска кабылган. 61 миң 529 бейтап көз жумса, 2 миллион 583 миң 948 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.