Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 Кыргыз жараны учуп келди

Кечээ, 1-августта Кыргыз өлкөсүнө "Тез Жет" авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча 173 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Маалымат тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынан, чек аралар убактылуу жабылышынын жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында мамлекет башчынын жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө келүүнү каалагандар көп болгондуктан, комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтууга зарыл болгон жана оор илдети барлар, хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын каза болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан