Казакстанда сентябрь айында 104 окуучу коронавирус илдетине кабылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой жыйын учурунда билдиргенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, окуу жылы башталгандан бери 104 окуучу COVID-19 илдетине кабылган. Алардын арасында 33ү офлайн окуп жаткан окуучулар болсо, 71и дистанциялык негизде окуп жаткандар.
Акыркы маалыматтарга таянсак, аталган өлкөдө 107 миң 908 адам коронавирус илдетине кабылган (акыркы суткада 75), тилекке каршы, 1 миң 731 бейтап каза болгон.