Вьетнамдагы коронавирустан дагы 2 адам каза болду

Вьетнамдын Дананг шаарындагы коронавирус инфекциясынын коркунучтуу түрү делинген вирустан дагы 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.

Маалыматка ылайык, коркунучтуу делинген вирустан 68 жаштагы аял жана 61 жаштагы эркек адам каза болгон. Экөөнүн тең катуу өнөкөт оорулары бар экендиги аныкталган.

Буга чейин Вьетнамдын Дананг шаарында коронавирустун жаңы коркунучтуу жана агресивдүү түрү катталгандыгы кабарланган. Мындан улам өлкө бийлиги Дананг шаарындагы аба каттамдарын, автобустар жана темир жол кызматтары токтотулган. Өз кезегинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Вьетнамдагы бул вируска эч кандай тынчсызданууга негиз жок экенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан