Орусия Кыргыз өлкөсүнө жалпы суммасы 50 миллион рублдан ашык болгон гуманитардык жардам көрсөттү

Кечээ, 2-августта Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 миллион 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргыз өлкөсүнө киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Орусиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:

  • коргоочу кобинезондор - 24 миң 100 даана;
  • үч кабаттуу беткап - 24 миң 729 даана;
  • полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5 миң 248 даана;
  • бет калкандар - 10 миң 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2020-08-03 10:30:00
Биз качан жардам берген денгээлге жетебиз?Алуучу колго караганда беруучу кол жакшыраак.
0
Tolkun555
2020-08-03 10:31:24
Муну дагы базарга алып чыгып саткыла.бир экоон бутка туруп аласынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан