АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана Улуу Британияга табышмактуу үрөндөр түшүрүлгөн. Биотеррорчулуктан кооптонуп жаткан Батыш өлкөлөрү Кытайдан чочулоодо. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин агрономдор "тургундарга зыяндуу өсүмдүктөрдүн данын жөнөтүшкөн" деп шек санап, алынган үрөндөргө тийбөөгө, аларды балдардан жана үй жаныбарларынан алыс кармоого чакырышкан. Мындан тышкары үрөндүн ким тарабынан жиберилгендиги тууралуу АКШда ар кандай пикирлер жаралган. "Мындай чакан целлофан баштыктардагы үрөндүн келип чыгышын билбей туруп баалоо кыйын экендигин, бирок өсө
турган бардык нерсе коркунучтуу болушу мүмкүн", - деп белгилеген Улуу Британиянын айыл чарба
коомунун өкүлү Жералд Кловери.
Ал эми тайвандык жалпыга маалымдоо каражаттары айтылып жаткан табышмактуу үрөндөрдүн үчүнчү өлкөдөн алынгандыгын жана жеке логистикалык компания тарабынан иштелип чыккандыгын аныктоого мүмкүн экендигин айтышкан.
АКШнын почта кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Кытайдан келген буюмдарды текшерүүдө даректер жасалмаланып, каталар да болгону белгилүү болгон. Ал эми эксперттер өмүргө коркунуч келтирбеген үрөндөр деген жыйынтыкка келишти. Тагыраагы капуста, ашкабак, роза, жалбыз, розмарин, лаванда сыяктуу жана башкаларга.
Буга чейин ар кайсы өлкөлөрдүн жашоочулары Кытайдан почта аркылуу табышмактуу уруктарды чакан баштыктардан алышкандыгы маалым болгон. Адамдар чакан, тунук баштыктардан белгисиз өсүмдүктөрдүн кара же ак уруктарын табышкан.