Бүгүн, 3-августта президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун ички жолдорун реконструкциялоо жана курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Каракол шаарында башкы көчөлөрдүн бири болуп саналган Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүүдө. Бул жол 1970-жылдан бери оңдоло элек. Жалпы наркы 74 миллион сом болгон бул жолдун оңдоп-түздөө иштери 2020-жылдын 1-ноябрына карата аякташы керек. Долбоорду Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция каржылоодо.
Президентке аталган жолдун жалпы узундугу 2,3 чакырымды түзөрү маалымдалды. 2019-жылы аталган жолдун Карасаев көчөсүнөн тартып Коёнкөзов көчөсүнө чейинки 673 метр бөлүгү реконструкцияланган.
Бүгүнкү күндө Абдрахманов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн тартып Пржевальск көчөсүнө чейинки 1100 метр аралыктагы (айланып өтмө жолу) бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды.
Мамлекет башчысы ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы жолдордун оңдоп-түздөө иштеринин жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде айылдын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, иштин жыйынтыкталышы ушул жылдын 25-августуна пландаштырылган. Бул ишке 15 миллион сом бөлүнгөн.
Теплоключенка айылында өлкө башчысы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен баарлашты. Өлкө аймактарын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде транспорттук коммуникацияны жакшыртуу жөнүндө пикир алышуу болду.
"Өткөн жылдары ички жолдордун көйгөйүнө аз көңүл бурулган, жергиликтүү тургундар жолдордун абалынын начардыгы боюнча арызданып келишкен, айрым аймактарда жолдор талкаланып калган. Азыр ички жолдорду куруу жана оңдоо өзгөчө көзөмөлдө турат", - деп президент жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка ылайык, республикалык бюджеттен жыл сайын район борборлорунда 3 чакырымдан кем эмес жолдордун оңдолуп жатканын эске салды.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы 40 райондун борборунда жана 8 шаарда 140 чакырымга жакын жол асфальтталган. Ушул жылы 150 чакырым жолду асфальттоо пландалууда.