Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Коронавируска каршы дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн"

Дүйнөгө кеңири жайылган коронавирус инфекциясынан толук айыктырчу дары азыркы учурда дүйнөдө жок жана дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус билдирген.

"Учурда бир катар вакциналар үч фазалуу клиникалык сыноолордо турат. Бардыгыбыз инфекциянын алдын алууга жардам бере турган натыйжалуу вакциналарды алабыз деп үмүттөнөбүз. Бирок учурда коронавируска каршы идеалдуу дары жок жана дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн", - деген Гебреисус.

Тедрос Аданом Гебреисус буга чейин коронавирус пандемиясынын толкундары ондогон жылдар бою сезилип турарын айткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 18 миллион 117 миң 821 адамга жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nuri9999
2020-08-03 22:25:24
Тедрос Аданом Гебреисус адаМ-падаМ эмес экенсин. Баары жараткан Алланын колунда. Сен бир креслодо отуруп найнЫй бербей, бир жеринди бекеем
+13
Jibakana
2020-08-03 22:39:11
Окумуштуулар деле,саламаттык сактоо уюму деле крышалары Кетти,ар кайсыны дооруп,билбесенер жазбагылачы окумуштуулар, саламаттык сактоо уюму деле калп эле адамдын психикасын бузбагылачы кагылайындар ар кайсыны божомолдоп....
+5
ZUXRIDDIN20
2020-08-03 22:50:17
з кылды ушул уюм
+4
-BOSS-
2020-08-03 22:52:13
ДССУ нун акыркы берип жаткан маалыматтарына таянып, ал уюмда акыл ээси соо адам иштебейт окшойт деп ойлоп калат экенсиң. Бир дагы көңүл жылытаарлык сөз айта алышпайт экен булар!
+5
KG-zigit
2020-08-03 22:52:30
Аркана Эшектин эркеги тепсин сени САЛАМАТТЫ САКТОО УЮМУ
+9
aerforce
2020-08-03 23:15:17
Ушул дуйнолук саламаттыкты сактоо уюмунда бут кок мээлер олтурат окшойтко бугун бирди айтып эртеси бирди айтып
+7
Jibakana
2020-08-04 09:01:39
aerforce, саламаттык сактоо уюму деле окумуштуулар деле ушундай кок мээ болуп калышты,биздин депутаттарга соз жок ай)))
0
bratanyn
2020-08-03 23:18:52
Пенденин акылы чектелүү гана.Баарын билүүчү жалгыз Аллаh.
+8
Agayu
2020-08-04 03:38:56
ДССУ саткындар , силер элдин саламаттыгын сактабай , тескерисинче өлтүрөсүңөр .Бул иштин артында бирөө жарым бар , алар бүт баарын сатып алышкан , керек болсо бардык президенттерди дагы .
-1
Jibakana
2020-08-04 09:02:52
Agayu,Сенин оюнча Ким ал,Жана сатып алып ушунча адамдын убалына калган Ким деп ойлойсун оюнда?
0
Kuba-savai87
2020-08-04 03:46:11
Дагы деле даары табыла элек болсо кантип сакайып чыгып атышат ошону эч тушуно албай койдум
+2
Usow
2020-08-04 09:35:48
Жинди болуп айнып бутуптур булар
0
kechirmeni
2020-08-04 10:58:58
Эн жакшы дары мыкты тамактануу, мыкты иммунитет, кудурети кучтуу Аллах Таала адамды ушундай кылып жаратыптыр ооруса курошсун деп иммунитет деген коргонуучу касиет берген, анан дагы ар бир ооруну шыпаасы менен берет экен. Иммунитети кучтуу адамдар бул ооруну тоготуп коюшпады баарыбыз кордук. Ошондуктан дсу мсу дегендер келжирей беришпесин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан