Чилиде соода тармагында желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды. Бул жөнүндө аталган өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Каролина Шмидт Tвиттердеги баракчасында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Чилиде желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу иштери 2018-жылы эле башталган. Ал эми учурда акыркы тыюу салуу чечимин чыгарып жатышат.
"Бүгүн кичи жана орто дүкөндөрдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган акыркы кадам", - деген Каролина Шмидт.
Буга чейин желим баштыктардын супермаркеттерде колдонууга тыюу салынган. Ал эми 2 жыл ичинде 5 миллион баштык сатууга гана уруксат берилген. Эгер талапты аткарбагандар болсо, аларга ар бир баштыкка 250 миң песо (330 доллар) өлчөмүндө айып пул салынат.