Бокс боюнча беш салмак категорияда дүйнөнүн экс-чемпиону Рой Жонс дагы бир мыкты мушкер Майк Тайсон менен боло турган беттештин алдында кулактарын камсыздандырат. Бул тууралуу Рой Жонстун менеджери Жолт Барна билдирген.
"1997-жылы июнда беттеш учурунда Тайсон Эвандер Холифилддин кулагынан тиштеп алганын эске алуу менен биз ушундай чечим кабыл алдык", - деген мушкердин менеджери Барна.
Эске салсак, Майк Тайсон Эвандер Холифилд менен эки жолу беттешкен. Биринчи беттеште Холифилд Тайсонду нокаут менен жеңсе, экинчисинде Майк Тайсон атаандашынын кулагын тиштеп алып, беттештен четтетилген.
Рой Жонс менен Майк Тайсондун беттеши 12-сентябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында өтөт.