Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев UFC уюму менен жаңы 4 беттешке келишим түздү. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Жакшы шартта UFC уюму менен жаңы 4 беттеш үчүн келишим түзгөнүмө кубанычтамын. Менин жалпы командама рахмат", - деп жазган Физиев.
Ал буга чейин UFC уюмунда 3 беттеш өткөрүп, 2 жолу жеңүүчү аталса, бир ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Рафаэль Физиев акыркы беттешин Абу-Даби шаарында өткөн турнирде британдык Марк Диакисеге каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Эки мушкердин беттеши турнирдин мыкты беттеши аталып, эки мушкер тең 50 миң доллар кошумча акы алышкан.