Америкалык "Microsoft" компаниясы TikTok тиркемесин сатып алууга 30 миллиард доллар сарптайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.
Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат. Расмий маалыматка караганда, АКШда 30 миллиондон ашык адам бул тиркемени колдонот. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.