Өлкө боюнча 12 миңге жакын обсервациялык орундар даяр. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде онлайн маалымат жыйында Замирбек Аскаров билдирди.
Анын айтымында, чет мамлекеттен келген Кыргыз жарандарын обсервацияга жайгаштыруу аталган министрликке жүктөлгөн. "Аларды тамак-аш менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлган. Бүгүнкү күнү бул боюнча иш алып барып жатабыз. 35 миң 617 жаранга атайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен аймактардагы обсервацияда жаткан жарандарды 3 маал ысык тамак менен камсыздап жатабыз", - дейт ал.