Бир суткада дагы 6 дарыгерден вирус аныкталды

Өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны дагы 6га көбөйдү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, илдетти жуктуруп алган дарыгерлердин төртөө Бишкекте, экөө Чүй өрөөнүндө катталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4417 учур катталды. Бир суткада стационардан 2, үй карантининен 4 медицина кызматкери айыгып чыкты.

Республикада илдет катталган күндөн бери коронавирустан жабыркаган медицина кызматкерлеринин саны 4 миң 417 болсо, анын 4 миң 332и айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан