Кийинки аптада парламент өзгөчө абал режимин талкуулоо үчүн чогулушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына депутат Наталья Никитенко билдирди.
"Менин оюмча, Жогорку Кеңеш дайыма өзүнүн жыйынын өткөрүп турушу зарыл. Кийинки аптада парламент сөзсүз чогулушу керек. Анткени 15-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү соңуна чыгат. Ошондуктан 14-апрелден калбай чогулушубуз шарт", - дейт Никитенко.
25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына коменданттык саат тартиби киргизилген.